Орусиянын Сочи шаарынан Омскка учуп бара жатып дайынсыз жоголгон учак Новосибирсктеги Убинск районунун аймагындагы талаага конгон. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, учак Новосибирсктен 180 чакырым алыстыкта, Убинск аймагындагы талаага конгон. Учактагылардын баары эвакуацияланды, эч ким жабыркаган эмес, аларды дарыгерлер карап жатышат.
Ошондой эле учак күйгөн эмес, кыйраган эмес, эч кандай зыян болгон эмес, экипаж менен байланыш түзүлдү.
Жакынкы конуштун жергиликтүү маданият үйүндө жүргүнчүлөр үчүн убактылуу жай даярдалды.
Эми учуулардын коопсуздугу боюнча мыйзамдардын аткарылышын прокуратура текшерет.