Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри кызмат ордуна дайындоо маселеси карап, анын талапкерлигин жактырды.
Эске салсак, 7-сентябрда Талантбек Имановдун жаңы кызматка дайындалганынан кийин ал жетектеген Санариптик өнүктүрүү министрлигине Нурия Кутнаева министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Кутнаева жаңы кызматка дайындалганга чейин "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын жана Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин жетекчиси болуп иштеген. Ал эми Кутнаеванын ордуна Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин орун басарлык кызматты аркалаган Алмамбет Касымбеков убактылуу аткара турганы белгилүү болгон.