Путин Илон Маск тууралуу жеке пикирин билдирди 

Бүгүн, 12-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Чыгыш Экономикалык Форумунун (EEF-2023) пленардык жыйынында америкалык ишкер Илон Маск тууралуу жеке пикирин билдирди.

"Жеке бизнеске келсек, Илон Маск албетте, көрүнүктүү адам. Активдүү, таланттуу ишкер. Муну кабыл алуу керек, себеби дүйнөдө аны баары билет. Ал көп иштерди жасап жатат, анын ичинде АКШнын колдоосу менен жасалгандар да бар", - деди ал.

Ошондой эле орус лидери "Роскосмос" компаниясы да космос тармагына жеке ишкерлерди тартууну пландап жатканын маалымдады. Иш-чарада Путин "Луна-25" станциясынын кыйрашы боюнча да жооп берди. Анын айтымында, ишке ашпай калуу программа жыйынтыкталат дегенди билдирбейт.

Эске салсак, Орусиянын "Луна-25" станциясы Айдын бети менен кагылышып, 20-августта ишин токтоткон. Станция 21-августта Айдын түштүк уюлуна конуп, ал жерде муздун бар же жок экенин жана жер кыртышын изилдеши керек болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан