Москва шаарында бир эле күндө башы кесилген абалда эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, биринчи окуя Москванын түндүгүндөгү паркта болгон. Таңга жуук күзөтчү ал жерден азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денесин тапкан. Жансыз дене дарактын жанында жаткан. Ошол эле учурда каза болгон адамдын башы өлүктөн жарым метр алыстыкта болгон. Жансыз дене ким экени белгисиз, болжол менен ал 25-30 жашта болушу мүмкүн.
Ушундай эле экинчи өлүк Москванын түндүгүндөгү Фестивальная көчөсүндөгү батирден табылган. Анда парктагыдай эле адамдын башы кесилген. Учурда тергөөчүлөр бул эки кылмыштын байланышы бар-жогун изилдеп жатышат.
Кылмышкер изделүүдө.