Жакынкы күндөрү Түндүк жарым шардын жашоочулары Нишимура кометасын көрө алышат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.
Нишимура кометасы 17-сентябрда Күнгө эң жакын жерден өтүп, андан 33 миллион километр алыстыкта болот. Андан кийин ал Жердин жанынан 125 миллион чакырым аралыкта өтөт.
Окумуштуулар аба ырайы бузулбаса, анда тургундар асман объектисин көз менен көрүүгө болорун белгилешүүдө.
"Күн чыга электе асмандан, Венеранын сол жагынан түндүк-чыгыш тарапка көз чаптыруу менен жашыл куйругу бар кометаны көрүүгө болот", - деп билдиришти окумуштуулар.
Нишимура кометасы илимий түрдө C/2023 P1 деп 11-августта ачылган. Кометага аны ачкан япониялык илимпоз Хидео Нишимуранын ысымы ыйгарылган.
Маалым болгондой, 18-сентябрда комета Күнгө жетет, эгер Күндүн энергиясы аны жок кылбаса, кайра айланып Күн системасына багыт алат. Андан кийин Нишимура Түштүк жарым шардагы байкоочуларга көрүнөт. Ошондой эле окумуштуулар эми Жердин тургундары кометаны 437 жылдан кийин гана көрө ала турганын айтышууда.