Кыргызстан Карабахта болгон окуяларга байланыштуу Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Карабахта болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргызстан Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоорун билдирет. Эл аралык таанылган чек аралардын бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө жактап, Кыргызстан бардык маселелерди БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун негизги принциптерине жана нормаларына ылайык саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө чакырат", - деп жазылат билдирүүдө.