Москвадагы үрөй учурган кылмыш: Башы кесилген адам Кыргыз жараны экени айтылууда

Москвада башы кесилген абалда табылган жаран кыргызстандык. Бул тууралуу Орусиянын "Readovka" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, биринчи курман болгон жаран Бурятиядан келген пенсияга чейинки курактагы адам болгон. Кылмышкер аны Фестивальная көчөсүндөгү батирден өлтүрүп, башын кесип салган.

Кылмышкер муну менен токтоп калбастан, сейил бакка барып, ал жерден кезектеги курмандыгын тапкан. Ал Кыргызстандан келген жаран болгон. Кылмышкер анын дагы башын кескен.

Бул кылмышка шектүү катары коңшу Өзбекстандын жараны кармалды.

Азыр тергөөдө психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүү үчүн документтер топтолуп, видеобайкоочу камералардагы жазуулар да изилденип жатат.

Буга чейин Москвада эки адам башы кесилген абалда табылгандыгы кабарланган.

Бул боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-09-13 11:53:00
Бөтөн жерде кудай сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан