Бишкектеги дагы бир "Шашлычная №1" кафеси бузулат

Бишкектеги Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан "Шашлычная №1" кафесин бузуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бөкөнбаев көчөсүндөгү "Шашлычная №1" кафеси муниципалдык аймакты ээлеген. Жогорудагы объектини бузуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди", - деп билдиришти мэриядан.
Мындан тышкары, Ибраимов көчөсүндө да тротуар курууга тоскоол болгон объектилер боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, июль айында дагы Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан "Шашлычная №1" кафеси демонтаждалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан