"Шашлычная №1" кафесинин жетекчилиги 15-августка чейин имаратты бузуп, жер тилкесин бошотуп берет. Бул тууралуу мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев билдирди.
Бүгүн, 31-июлда Бишкек мэриясы Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан "Шашлычная №1" кафесин демантаждоо үчүн атайын техника менен келди. Кафенин астындагы жер тилкесин ижарага алуу боюнча келишимдердин кыскарганына байланыштуу мэрия 5 күн мурда эскертүү берген. Муниципалдык кызматкерлер кафенин аты жазылган тактайчаны чыгаруу менен гана чектелди.
Анда мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев журналисттерге интервью берип жатып, кафенин ээси 2 күн ичинде өзү бузуп берерин айтты.
"Шашлычная №1" кафесинин жетекчилиги имаратты 2 күн ичинде бузуп, 15-августка чейин жер тилкесин бошотуп берет. Эгерде макулдашуу аткарылбаса анда катаал чара көрүлөт", - деп билдирди Орунтаев.
Белгилей кетсек, мэрдин орун басарынын айтуусунда аталган тамактануучу жайдын ордуна сейил бак курулат.