"Саатына 60 чакырымдан ашпайт". Эмне үчүн Ким Чен Ын поезд менен жүрөт жана анын поезди кандай?

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жашыл атайын поезди Орусияга келди. Пхеньяндан 10-сентябрда, түштөн кийин чыккан поезд 12-сентябрда эртең менен Приморск аймагына келди. Бүгүн, 13-сентябрда Ким Чен Ын менен Владимир Путиндин жолугушуусу пландалган. Түндүк Кореянын лидери эмне үчүн темир жол транспортун артык көрөрү жана анын брондолгон поездине кызыгып көрдүк.

Бул Ким Чен Ындын Орусияга экинчи расмий сапары жана акыркы төрт жылда биринчи чет элге болгон сапары. Биринчи иш сапары 2019-жылдын апрель айында болгон. Анда дагы Ким Чен Ын Орусияга поезд менен келген. Ким Чен Ын чет элдик сапарларынын көбүн поезд менен жасайт. Себеби – биринчи адамдын коопсуздугун камсыз кылуу оңой, экинчиси - бул үй-бүлөлүк салт. Чет өлкөгө поезд менен биринчи жолу анын чоң атасы Ким Ир Сен, андан кийин атасы Ким Чен Ир барган.

Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) негиздөөчүсү, өлкөнүн азыркы лидеринин чоң атасы Ким Ир Сен 1930-жылдары Японияга каршы партизандык кыймылдын катышуучусу болгон (Корея ошол кезде Япония тарабынан оккупацияланган). 1945-жылы Корея бошотулгандан кийин Ким Ир Сен брондолгон поездде советтик аскерлердин коштоосунда мекенине кайтып келген.

Ким Ир Сендин Түндүк Кореянын башчысы катары Орусияга алгачкы сапары 1949 жана 1950-жылдары болгон. Анда Иосиф Сталин менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Түндүк Кореяга СССРден экономикалык жана аскердик колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган. Анда Сталин Ким Ир Сенге биринчи брондолгон темир жол атайын поездин берген.

Ким Ир Сен советтик жетекчинин белегин активдүү пайдаланган. Ал аталган поезд менен 368 миң километр жол басып өткөн деп айтылат.

Атайын поезддин вагондору ошол кездеги катардагы резервдик отургучтуу поезддей көрүнгөн, бирок чындыгында бул чыныгы брондолгон поезд болгон. Анын структурасы атайын күчөтүлгөн, темирдин калыңдыгы башка поезддерден алда канча мыкты болгон. Мындан улам поезд өтө оор болуп, саатына 60 чакырым ылдамдыктан аша алган эмес.

1994-жылы бийликке келген Ким Ир Сендин уулу Ким Чен Ир да учакка караганда поездди артык көрүп, аны “үйү жана кеңсеси” деп атаган. Анын кызматтык унаасы заманбап болчу.

Ким Чен Ир дагы Сталиндин белегин пайдаланган. Ал 2001-жылы Түндүк Кореянын лидери катары Орусияга биринчи расмий сапарын жасаган. Ким Чен Ир брондолгон поезд менен бүт Орусияны кыдырып, Санкт-Петербургга чейин барган. Бул поезд сапары мамлекеттин биринчи адамы жасаган эң узак саякат катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ал 26-июлдан 18-августка чейин созулган.

2011-жылы Ким Чен Ындын атасы өлкөнү кыдырып жүрүп, кызматтык поездинде каза болгон. Андан кийин Ким Чен Ын бийликке келип, ал дагы чет элдик сапарларга поезд менен чыгат.

Ким Чен Ын 2018-жылдын март айында Кытайга болгон сапарында Түндүк Корея телеканалы брондолгон поезддин ичин көрсөткөн. Журналисттерге уруксат берилген вагондордун биринде ак дубалдар, пилдин сөөгүнөн жасалган кийим илгичтер жана кызгылт булгаары дивандар болгон.

Сырткы көрүнүшү анча эмес болгондугуна карабастан, поезддин ичи эң акыркы технология менен жабдылган. Анын вагондорунун бири ардактуу конокторду кабыл алууга арналса, экинчисинде эң алдыңкы технологиялар менен жабдылган байланыш штабы бар. Такталбаган маалыматтарга караганда, поезд лидерди шашылыш эвакуациялоодо керек болгон бир нече бронетехниканы ташып жүрөт. Азырынча Ким Чен Ындын поездинин ичиндеги башка сүрөттөр же видеолор жок. Ошондой эле анын канча брондолгон поезди бар экени белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан