АКШ Конгрессинде Байденге импичмент жарыялоо боюнча иликтөө башталды

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын комитети АКШ президенти Жо Байденге импичмент жарыялоо процесси боюнча расмий иликтөө баштады. Бул тууралуу кечээ, 12-сентябрда палатанын спикери Кевин Маккарти билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

"Бүгүн мен Конгресстин Өкүлдөр палатасынын комитетине президент Жо Байденге импичмент жарыялоо боюнча расмий иликтөөнү баштоону тапшырып жатам", - деген Маккарти.

Анын айтымында, Байденге жана анын үй-бүлөсүнө карата тергөө учурунда коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча маалыматтар чогултулган. Анда Байдендин үй-бүлөсүнө жана аны менен байланышкан адамдарга бир нече компаниялардан 20 миллион доллар өлчөмүндө каражат келгени аныкталган.

Маккарти Байденди америкалыктардын суроолоруна жооп алуу үчүн биргелешип иштөөгө чакырган.

"Ачык-айкындуулуктун кызыкчылыгы үчүн мен президентти жана анын командасын тергөөчүлөр менен кызматташууга чакырат элем. Америкалыктар мамлекеттик кызмат сатылбай турганын билүүгө укуктуу!", - деп билдирген палатанын спикери.

Учурда Өкүлдөр палатасынын көпчүлүк бөлүгүн президенттин атаандашы болгон республикачылар түзөт жана алар Байдендин уулу Хантер менен анын үй-бүлөсүнүн бизнесин иликтеп жатышат. Буга чейин республикачылар бир нече жолу импичмент процессин баштоону сунушташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан