Президент Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына барат.
"Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Дүйшөмбүдө боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө",- деп билдиришти аталган кызматтан.