Бүгүн, 13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы үч министрди кызмат ордуна бекитүү маселеси каралууда.
Анда депутат Акылбек Түмөнбаев аларды тааный тургандыктарын белгилеп, кызмат ордуна суроо-жоопсуз эле дайындоого макулдук берүүнү сунуштады.
"Суроо берүү үчүн 40тан ашык киши жазылдык. Баарыбыз суроо берип отурбай дароо эле добуш берүүгө өтсөк. Бул кишилерди билебиз. Иманкадыр Бейшеналиевич (ред: Алымкадыр Бейшеналиев) да өзүнүн интервьюсунда депутаттар чакырса келип турарын айтты. Иманкадыр Бейшеналиевичтин өмүр баянын, буга чейин иштеп кеткенин, "инкубский" экенин да жакшы билебиз. Эми "инкубский" болбой мамлекеттин ишин жакшы алып барам деп турат, президентибиз да кайра ордуна алып келип коюп жатат. Сиздердин иштериңиздерге ийгилик. Мына Гүлнара Маришовна да буга чейин ээлеген кызматынада кандай иштегенин депутаттардын баары билет. Санарип министрлигине келип жаткан айымды да жакшы билебиз", - деди Түмөнбаев.
Түмөнбаевдин сунушу көпчүлүктүн добушу менен колдоо тапты. Бирок андан соң бир катар депутаттар ага нааразычылыгын айтып, кайчы пикир жаралды. Эл өкүлдөрү бере турган суроолору бар экенин айтышып, азыр сурабасак, качан сурайбыз деп нааразы болушту. Бир топко созулган талаштан кийин ар бир фракциядан экиден депутат суроо узатмай болду.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичти, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Баатырова Гүлнара Маришовнаны жана санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Кутнаева Нурия Асылбековнаны дайындоого макулдук берүү маселеси каралууда.