Бүгүн, 13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкерлиги каралып жаткан Нурия Кутнаеванын кыргыз тилин канчалык билерине кызыкты.
Эл өкүлү Кутнаеванын эне тилин мыкты деңгээлде билеринен күмөн санап жатканын айтты. Кутнаева ага мектепти жана жогорку окуу жайды орус тилинде окугандыгын, учурда кыргыз тилин тереңдетип жатканын билдирди.
"Эне тилди колдонуу маанилүү экенин түшүнөм жана аны жакшыртууга аракет кылып жатам. Учурда жекече мугалимден сабак алуудамын", - деди ал.
Коргонбай уулу ага "Сиз жекече сабак үйрөнүп бүткүчө 22-кылым болот. Андыктан батыраак үйрөнүңүз" деди. Ошондой эле ал Кутнаева кыргыз тилин толук өздөшүрөрүнө ишенерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичти, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Баатырова Гүлнара Маришовнаны жана санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Кутнаева Нурия Асылбековнаны дайындоого макулдук берүү маселеси каралууда.