Садыр Жапаровдун атына Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңеши 6 талапкерди ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Чүй, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына дайындоо боюнча сунуштарды киргизди.
Президент аларды карап чыгып, төртөөнү бекиткенин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Ал эми 2 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.
Президент тарабынан төрт судьяны дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгарылып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:
– Ош облусу, Өзгөн райондук соту:
Култаева Нурила Дукенбаевна;
Кара-Кулжа райондук соту: Карабекова Элмира Чондошовна;
Ош шаардык соту: Кумашев Жолдошбек Ильясович;
Бишкек шаары
Бишкек шаардык соту: Молоев Дамир Жоомартович.
Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.