Садыр Жапаров күтүүсүздөн Кой-Таштагы аскер бөлүккө барды (фото)

Президент Жапаров бүгүн, 13-сентябрда Бишкекке жакын жайгашкан №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы кабарлады.
Мамлекет башчысы аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашты.
Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бүгүнкү күндө бир топ эскирген.
"Мамлекет башчысы кызмат өтөө шарттары менен таанышкан соң, жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын куруп баштоону, ошондой эле казарма жайгашкан 4 кабаттуу имаратта оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров бөлүктүн аймагында жакынкы аралыкта курулушун баштоо пландалып жаткан бала бакчанын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин дагы көрдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан