Марокконун падышасы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн кан тапшырды

Марокконун падышасы Мохаммед VI күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн кан тапшырды. Бул тууралуу Maghreb Arabe Press маалымат агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, падыша Марракештеги табигый кырсыктан жабыркагандарды зыярат кылуу учурунда кан тапшырган. Учурда Марракеш-Сафи аймагындагы ооруканаларда 2,1 миңден ашуун адам жатат, алардын 484ү оор жаракаттарды алышкан.

Эске салсак, 8-сентябрда кечинде Мароккодо катуу жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн 2 миңден ашык адам каза тапкан. Адистер бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн экенин айтышууда. Өлкө окуядан кийин үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан