Кыргызстан табигый суу ташкындарынын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ливия элине терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, министрлик жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин жана бардык дайынсыз жоголгондордун аман-эсен табылышын тилеп, оор сыноо саатын башынан өткөрүп жаткан Ливия элине сабырдуулук, кайраттуулук жана биримдик каалайт.
Белгилей кетсек, 10-сентябрда Ливиянын чыгышында суу ташкыны болуп, 5 миңден ашуун адам курман болуп, 7 миңден ашуун киши дайынсыз жоголгон. Табигый кырсыкка "Даниэль" циклону себеп болгону айтылган.