Октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Садыр Жапаров жарлыкка кол койду

1-октябрдан тарта пенсия орточо 38 пайызга жогорулатылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров “2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

"Пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө белгиленди.

Тактап айтканда 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38 пайыз, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт, ага 3,9 миллиард сом каралды. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1 692 сомго көп", - деп айтылат маалыматта.

Мында жогорулатуунун так суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот. Бул жогорулатуу инфляциянын деңгээлинен эки эсе жогору.

"Эгерде пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын 3 айына 3,9 миллиард сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 миллиард сомду түзөт. Ошону менен бирге пенсия республикалык бюджеттин катышуусуз толугу менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жогорулатылат, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле 30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси азыркы кезде каралып жатканы, учурда кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсептери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан