Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев сентябрь айынын экинчи жарымында АКШда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясына жеке өзү катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Шерзод Асадовго таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.
"Мирзийоев жогорку деңгээлдеги жалпы саясий талкууларга катышып, Нью-Йоркто сөз сүйлөйт. Сапардын алкагында Өзбекстандын лидери АКШ президенти Жо Байдендин чакыруусу менен "С5+1" форматындагы АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышат", - деди президенттин өкүлү.
Ал кошумчалагандай, быйыл “Борбор Азия+АКШ” форуму эң жогорку деңгээлде, башкача айтканда, мамлекет башчыларынын катышуусунда өтүшү керек. Асадов буга чейин тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жолугушуулар болгонун баса белгиледи.