Президент иш сапары менен Душанбеге учуп кетти. Аны кимдер коштоп жүрөт?

Бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

  • Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары ;
  • Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министри;
  • Муратбек Азымбакиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси;
  • Таалайбек Ибраев энергетика министри.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан