Ким Чен Ын Путинди Түндүк Кореяга чакырды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путинди Түндүк Кореяга визитке чакырганын Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги (KCNA) билдирди.

"Кабыл алуудан кийин Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путинди өзүнө ыңгайлуу каалаган убакта КЭДРге келип кетүүгө чакырды. Президент бул чакырууну кубаныч менен кабыл алып, орус-корей достугунун тарыхын жана салттарын ырааттуу улантууга даяр экенин дагы бир жолу билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Агенттиктин маалыматына караганда, КЭДР лидери ошондой эле анын Орусияга сапары "эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамилелерди жаңы деңгээлге көтөргөн маанилүү учур болуп кызмат кылаарын" айтты.

Эске салсак, 12-сентябрда Ким Чен Ындын брондолгон поезди менен Орусиянын аймагына киргени боюнча чет элдик басылмалар жазып чыккан. Кечээ, 13-сентябрда ал Путин менен Амур облусундагы Чыгыш космодромунда жолугушуп, эки өлкө лидерлери космодромдогу бир катар объектилер менен тааныша турганы айтылган. Кремлдин маалыматына караганда, сүйлөшүү бир күн гана болот жана ал ар кандай форматта болуп 5 саатка созулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан