Египет өкмөтү жаңы окуу жылынан тарта мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде никаб кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Newarab басылмасы өлкөнүн Билим берүү министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалым болгондой, кыздарга хиджаб кийүүгө уруксат, бирок ата-энесинин макулдугу болушу керек. Ошондой эле кыздардан паранжыны өз ыктыяры менен кийгендиги тууралуу макулдугу талап кылынат.
"Бул чечим египеттик мектеп окуучуларынын кызыкчылыгы үчүн жана ар кандай алдамчылык же спекуляция мүмкүнчүлүгүн жок кылуу үчүн кабыл алынды", - деп билдирди министрлик.
Ошондой эле мындай чечим кабыл алууга буга чейин башка аялдар, жадакалса эркектер да никаб кийип окуу жайга барганы себеп болгону айтылды.