Дүйшөмбү шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда ТИМден билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда Борбор Азия мамлекет башчыларынын боло турган Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна жана саммиттин жыйынтыктоочу документине даярдыктарды талкуулашты. Ошондой эле саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, экономикалык өнүгүүнү тереңдетүү, гуманитардык байланыштарды жана аймактык коопсуздукка чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип жооп берүү максатында кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.
"Министр Жээнбек Кулубаев Консультативдик жолугушуулар жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду колдоо жана аймактык көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн бекем негиз түзүп, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы өз ара ишенимди олуттуу түрдө бекемдегенин белгиледи. Кыргызстан региондук интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүгө умтулат, бул региондун өлкөлөрүнө болгон көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө маданият күндөрүн өткөрүү практикасын улантуунун, маданий фестивалдарга, көргөзмөлөргө жана илимий изилдөөлөргө өз ара катышуунун, ошондой эле тарыхый жерлерге баруу менен туризмди активдүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.