Кудайберген Базарбаев Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Кудайберген Базарбаев буга чейин Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин жетектеген. Анын ордуна Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеген Гүлнара Баатырова министр болгон.
Ал эми аталган кызматты ээлеген Улан Карыпбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.