Тажикстандын президенти Борбор Азия журналистеринин ассоциациясын түзүүнү сунуштады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия мамлекеттеринин медиа ассоциациясын түзүүнү сунуштады. Мындай билдирүүнү ал бүгүн, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жыйынында айтты.

Тажик президентинин айтымында, соңку мезгилде маалымат каражаттарынын Борбор Азияга болгон кызыгуусу кескин өстүүдө.

"Медиа мейкиндиги ар кандай, кээде карама-каршы жана бурмаланган маалыматтарга толуп калган. Аймактарда божомолдонгон эмес, реалдуу фактыларга таянган маалыматтык атмосфераны түзүү боюнча чараларды көрүү зарыл. Бул үчүн биз Борбор Азия мамлекеттеринин маалымат каражаттарынын ассоциациясын түзүүнү сунуштайбыз", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн Тажикстандын борбору Душанбеде Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативтик жолугушуусу өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан