Санариптик өнүктүрүү министринин эки орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары Индира Шаршенова жана Ренат Айтымбетов кызматынан бошотулду.
Тиешелүү тескемелерге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон.