Өлкө башчы Садыр Жапаровдун бүгүн, 14-сентябрда Душанбеге болгон иш сапары аяктады.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, сапардын алкагында мамлекет башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Анда өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.
Андан соң президент Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты.
Бешинчи Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Мындан тышкары төмөнкүлөргө кол коюлду:
- Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын ортосундагы жаштар саясатынын жалпы багыттары жөнүндө макулдашуу;
- Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланышын чыңдоо жөнүндө макулдашуу.
Мамлекет башчысы иш сапарын аяктап, кечинде Бишкек шаарына кайтып келди.