Келерки жумада Жо Байден менен Володимир Зеленський жолугат

Келерки жумада Украинанын президенти Володимир Зеленський менен АКШнын башчысы Жо Байдендин жолугушусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Associated Press Америка администрациясындагы булагына таянуу менен билдирди.

Белгиленгендей, эки лидер Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынынан кийин жолугат. Жолугушуу кийинки бейшембиде болору айтылды. Украинанын башчысы сапардын алкагында Американын мыйзам чыгаруу органына да барууга ниеттенүүдө.

Байден менен Зеленськийдин БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөздөрү 19-сентябрда күндүн биринчи жарымына белгиленген. Ал эми 20-сентябрда Украина боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жогорку деңгээлдеги жыйыны болот. Бирок азырынча Украина да, АКШ да президенттердин бул жыйынга катышуусун ырастай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан