Ливиянын чыгышында катталган суу ташкынынан 11 миңден ашуун адам каза болуп, 20 миңден ашыгы изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Суу ташкынынан эң көп жабыркаган Дерна шаарынын мэри Абдулменам Аль-Гаити эки дамбанын жарылышынан 18 миңден 20 миңге чейинки жарандар набыт болгонун айтууда. Ал Al Arabia басылмасына берген маегинде, каза болгондордун сөөгүн издөөгө жардам бере турган атайын топко муктаж экенин билдирген.
Чыгыш Ливия өкмөтүнүн расмий өкүлү деңиз толкундары аркылуу күнүнө бир нече ирет өлгөн адамдардын сөөгү жээкке чыгып жатканын маалымдады.
Эске салсак, 10-сентябрда "Даниел" деп аталган бороон Ливиянын чыгыш аймагын каптаган. Анын кесепетинен Жабал аль-Ахдар, Дерна жана Бенгази шаарларына таасирин тийгизген. Ливиянын бийликтери өлкөнүн чыгышындагы Киренаика провинциясындагы үч аймакты (анын ичинде Дерна шаарын да камтыган аймак) "кырсык зонасы" деп жарыялаган. Бороондун кесепетинен Дернаны курчап турган эки дамба урап, суу ташкынына алып келген.
Эксперттер шаарга 30 миллион куб метрден ашык суу коё берилгенин, бул бүтүндөй конуштарды талкалаганын айтышууда.