Ливиядагы селден улам каза болгондордун саны 2 миңге жетти (видео)

Ливияда "Дэниел" бороону менен суу ташкынынын натыйжасында 2 миңге жакын адам каза болду. Бул тууралуу Al Jazeera басылмасы жазып чыкты.

Кечээ, 11-сентябрда Чыгыш Ливиянын премьер-министри Усама Хамад 2 миңдей адам набыт болгонун, миңдеген адамдын дайынсыз болуп жатканын билдирди.

Ал эми өлкөнүн чыгышындагы куралдуу күчтөрдүн өкүлү Ахмед ал-Мосмаринин айтымында, 5 миңден 6 миңге чейин адам дайынсыз жоголгон. Аль-Мосмари кырсыкка аталган шаарга жакын жердеги эки дамбанын бузулганы да миңдеген адамдын жоголушуна тиешеси бар экенин айтты. Себеби аталган шаар тоолор менен курчалган жана дамба кыйрагандан кийин суунун деңгээли үч метрге чейин көтөрүлгөн.

Эксперттер шаарга 30 миллион куб метрден ашык суу коё берилгенин, бул бүтүндөй конуштарды талкалаган деген пикирде.

Дүйшөмбү күнү Дерна шаарынын тургуну Ахмед Мохамед Al Jazeera басылмасына берген маегинде табигый кырсык болгондо уктап жатканын, ойгонгондо үйдүн ичин суу каптаганын айткан. Мохамед туугандары менен үйдөн араң чыгышкан.

"Интернет байланышы жок, электр жарыгы жок. Дерна шаарындагы кырсыктын масштабы мүнөт сайын өсүп жатат. Каза болгондордун саны 5 миңге чейин жетиши мүмкүн", - деди АКШ-Ливия мамилелери боюнча Улуттук кеңештин президенти Хани Шенниб.

Ливия чыгыш жана батыш деп эки атаандаш администрацияга бөлүнгөн жана бул аймактар эки башка чет элдик өкмөттөр тарабынан колдоого алынган. Бул учурдагы кырсыкта куткаруу-издөө иштерин жүргүзүүдө терс таасирин тийгизип жатканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал эми Ливиянын Триполиде жайгашкан президенттик кеңеши өлкөнүн чыгышындагы Киренаика провинциясынын үч бөлүгүн суу ташкынынан улам кыйраганын жарыялап, эл аралык уюмдардан жардам сурап кайрылды.

Эске салсак, 10-сентябрда "Даниел" деп аталган бороон Ливиянын чыгыш аймагын каптаган. Анын кесепетинен Жабал аль-Ахдар, Дерна жана Бенгази шаарларына таасирин тийгизген. Ливиянын бийликтери өлкөнүн чыгышындагы Киренаика провинциясындагы үч аймакты (анын ичинде Дерна шаарын да камтыган аймак) "кырсык зонасы" деп жарыялаган.

Бороондун кесепетинен Дернаны курчап турган эки дамба урап, суу ташкынына алып келген. Селдин кесепетинен Ливиянын чыгышындагы көптөгөн шаарларда турак жайлар кыйраган. Бийлик өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, мектептер менен дүкөндөрдү жаап, коменданттык саат киргизген.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан