Ташиев Баткендеги чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды (фото)

Баткендеги №2022 аскер бөлүгүндөгү жана "Кулунду" заставасындагы чек арачыларга жаңы кызматтык үйлөр берилди. Батирлердин ачкычын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырганын атайын кызматтын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, чек арачылардын турак-жай комплекси 30 батирлүү болуп, турмуш-тиричилик техникалары менен толугу менен камcыздалган. Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар.

Чек арачылардын турак-жай комплекси турмуш-тиричилик техникалары менен толук камcыздалган. Мындан сырткары балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар.

Андан соң атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кулунду” чек ара заставасынын имаратынын абалын көрүп, аскерлердин жашоо-шарты менен таанышты.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз сөзүндө аскер кызматкерлерине кам көрүү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө өткөн жылы Тажикстандын куралуу кол салуусунда курман болгон аскер кызматкерлери жана жай тургундар эскерилип, куран окутулду.

Камчыбек Ташиевдин Баткен жергесиндеги иш сапары бүгүн да уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан