Өзбекстанда тамакка ууланган 31 бала ооруканага түштү

Өзбекстандын Ташкент облусундагы бала бакчалардын биринде массалык уулануу болуп, 31 бала жабыркады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык саламаттыкты сактоо комитетинин Telegram-каналында маалымдалды.

"24 бала тамак-аштан уулануу же ашказанынын функционалдык бузулушу деген алгачкы диагноз менен ооруканага жаткырылды. Ал эми жети балага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жабыркагандардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Маалым болгондой, бала бакчанын 240 тарбиялануучусу шашылыш түрдө медициналык кароодон өткөн. Учурда балдардын жеген тамак-ашын санитардык-эпидемиологиялык инспекторлор текшерүүдө. Ал эми уулануу катталган бала бакчалардын бири убактылуу жабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан