Бүгүн, 15-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү.
Анда өкмөт башчы министрлерге катуу эскертүү берди.
"Кышка даярдык 100 пайыз болушу керек. Былтыр Майлуу-Суу шаарында болгон окуя сыяктуу жагдайлар дагы кайталанса дароо жумуштан бошойсуңар, ал тургай кабинетиңерге барганга жетишпей каласыңар", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал электр энергиясын үнөмдөө боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан улам өткөн кышта суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Мындан улам калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилген.