Орусияда Кыргызстандын жарандары массалык мушташка катышты делген окуя боюнча ТИМ үн катты

Орусиядагы калайман мушташка Кыргызстандын жарандары катышкан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

"Орусиянын компетенттүү органдарынан алынган маалыматка караганда, Москва шаарына жакын Красногорск шаарында орун алган массалык мушташуунун катышуучуларынын жана кармалгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Орусияда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары мушташканы тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан