Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
Анда элчи “бийликтин жогорку өкүлүнүн” билдирүүсүнөн улам чакырылганы айтылат.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчиге 15-сентябрда Кыргызстандын мамлекеттик жогорку өкүлүнүн тажик-кыргыз чек ара маселелери боюнча билдирүүсүнө тажик тараптын тынчыздануусу айтылды. Мындай пикирлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин жүрүшүнө олуттуу зыян келтирип, ортодогу ишенимге доо кетириши мүмкүн экендиги баса белгиленди", - деп жазылат анда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча азырынча комментарий бере элек.
Белгилей кетсек, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан Кыргызстанга чек ара боюнча территориялык доомат коюп келгендигин, эгер тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доо коёрун айткан.