Өлкө башчы Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, мамлекет башчысынын иш сапары 17-21-сентябрь күндөрүнө мерчемделген.
"18-сентябрда президент Жапаров БУУнун саммитинин ишине – Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. Ал эми 19-сентябрда өткөн жылдагыдай эле БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт. Ошол эле күнү президенттин Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана АКШ президенти Байдендин биринчи саммитине катышуусу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында мамлекет башчысынын БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушуулары болот.
21-сентябрда Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес форумунда сөз сүйлөйт, анда Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация уюштурулат", - деп айтылат билдирүүдө.