Латвиядагы мектептерде орус тили сабагына тыюу салынат

Латвиянын Билим берүү министрлиги мектептерде орус тилин окутууга тыюу салышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Латвияда окуучулар башталгыч мектепти аяктаган кийин каалаган чет тилин тандап, окуй алышат. Көбүнчө аларга орус тили үйрөтүлөт. Эми аталган өлкөнүн министрлиги орус тилин окутууга тыюу салмакчы. Анын ордуна 2026-жылдан баштап экинчи чет тили катары Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн гана тили окутулат.

"Орус тилин экинчи чет тили катары да окутууга тыюу салынат",- деп айтылат маалыматта.

Учурда Латвиядагы балдар биринчи класстан баштап англис тилин биринчи чет тили катары үйрөнүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан