Японияда 100 жаштан ашык жашаган адамдардын саны 92 миңден ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Японияда бир кылымдан ашык жашагандардын саны 50 жылдан ашык убакыттан бери өсүп келе жатат. Жыл сайын өлкөдө 100 жаштан ашкан адамдардын саны боюнча жаңы рекорд коюлат. Ошондой эле узак жашагандардын 89 пайызын аялдар түзөт.
Ошол эле учурда министрлик белгиленгендей, быйыл 47 миң 107 адам 100 жылдыгын белгилеп жатат. Мамлекет тарабынан аларга баалуу белектер жана куттуктоо каттары жөнөтүлөт.
1963-жылы Японияда улгайган адамдарды социалдык камсыздоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Ал кезде өлкөдө 100 жаштан ашкан 153 гана адам болгон. 18 жылдан кийин 1981-жылы алардын саны миңден, 1998-жылы 10 миңден, 2012-жылы 50 миңден ашкан. Япония жүз жылдан ашык жашагандардын саны боюнча тез эле лидер боло алган.
Эскерте кетсек, учурда эң кары жаран 116 жаштагы Фуса Тацуми болуп саналат. Ал аял 1907-жылы 25-апрелде төрөлүп, эки дүйнөлүк согуштан аман калган. Жергиликтүү басылмаларга берген маегинде ал узак өмүр сүрүшүн туура жашоо образын алып жүргөнү жана туура тамактанганы менен түшүндүргөн.