Төрага Нурланбек Шакиев иш сапары менен Түштүк Кореяга барат

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин өкүлдөрү Корея Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын конференциясына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ал эми Шакиев менен бирге делегациянын курамында депутаттардан Сүйүнбек Өмүрзаков, Камила Талиева, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Чойбеков, Шайлообек Атазов барышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан