"Кайра түрмө". Иркутскта 22 жыл абакта отурган адам эркиндикке чыга турган күнү качып кетти

Бир нече киши өлтүрүү жана каракчылык боюнча соттолгон 49 жаштагы Камолжон Калонов эркиндикке чыга турган күнү Иркутск шаарынын жанындагы колониядан качып кетти. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, ал жаза мөөнөтүн 2001-жылы өтөй баштаган, эми Марково айылындагы ИК-19 түзөтүү абагынан бошотулушу керек болчу. Бирок эмнегедир Калонов расмий түрдө бошотулушун күткүсү келбей, жөн эле качып кеткен.

Азыр аны бүт Иркутск облусу боюнча издеп жатышат. Ал кармалса кайра 4 жылга чейин эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан