2023-жылдагы Европа чемпиону, 79 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан украиналык балбан Василий Михайлов Белграддагы Дүйнө чемпиондугунун сыйлык тапшыруу аземинде орусиялык Ахмед Усманов менен чогуу сүрөткө түшүүдөн баш тартты.
Усманов мелдеште жеңишке жетип, Орусияга Дүйнө чемпиондугундагы биринчи алтынды алып келди.
Мелдештин күмүш байге ээси грузиялык Владимир Гамкрелидзе жана экинчи коло байге ээси ирандык Мохаммад Ноходи Ахмед Усманов менен бирге сүрөткө түшүү үчүн пьедесталга чыгышты, бирок украиналык балбан чыккан жок.
Эскерте кетсек, ушул эле Дүйнө чемпиондугунун 61 килограммга чейинки салмак чениндеги 1/4 финалында украиналык балбан Валентин Блесецкий орусиялык Абасгаджи Магомедовдон жеңилип, андан кийин аны менен кол алышуудан баш тарткан.