Мамлекет башчы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммад Сулайман Аль Джассер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Кыргызстандын аймагында ИӨБ менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле мындан ары өз ара кызматташууну кеңейтүү тууралуу пикир алмашуу болду.
Анда өлкө башчы Ислам өнүктүрүү банкы менен болгон кызматташууга артыкчылыктуу маани берерин айтып, 26 инфраструктуралык долбоордун каржыланышын баса белгиледи. Ошондой эле жолугушууда Жапаров Кыргызстандын энергетика тармагына жана транспорт секторундагы "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу долбооруна токтолду.
ИӨБ башчысы Садыр Жапаров белгилеген долбоорлорду артыкчылыктуу деп канааттануу менен белгиледи, ошондой эле Кыргызстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоордук кызматташтыкты ийгиликтүү улантууга үмүт артарын билдирди.