Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Сеул шаарында Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё менен жолугушту.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Төрага Шакиев Кыргызстан Түштүк Корея мамлекети менен калыптанган байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи.
Өз кезегинде Ким Чжин Пхё демократиялык багыттагы жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн Кыргызстан Кореянын Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.
Анын ичинен Кыргызстандын таза экологиялык айыл чарба азыктары, туристтик жааттагы мүмкүнчүлүктөрү, тоо-кен байлыктары жана башка артыкчылыктары кореялык ишкерлерди өзүнө тартарын айткан Ким Чжин Пхё финансы институттары ортосунда да тыгыз кызматташуунун зарылчылыгына токтолду.
Белгилей кетсек, жолугушуу Борбор Азия мамлекеттеринин жана Түштүк Корея парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмесинин алкагында уюштурулду.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Динара Ашимова, Сүйүнбек Өмүрзаков, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Чойбеков, Замирбек Мамасадыков жана Шайлообек Атазов катышты.