Садыр Жапаров Иран президентин Кыргызстанга чакырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, анда өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Иран президенти Сейед Эбрахим Раиси эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эки өлкөнүн жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку потенциалы бар экендигин белгиледи.

Ал товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмүнүн деңгээли төмөн экендигин белгилеп, буга байланыштуу аны көбөйтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону сунуштады. Бул контекстте ал эки тараптуу биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кыргыз-иран кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Мамлекет башчысы Иран президентинин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу демилгесин колдоп, инвестициялык өз ара аракеттенүүгө да өзгөчө маани берди.

Бул контекстте президент Жапаров логистика маселесин чечүү зарылдыгын белгилеп, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары мамлекет башчысы кыргыз-иран өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, комиссиянын кезектеги жыйынын ушул жылдын аягына чейин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мамлекет башчылары бири-бирин ыңгайлуу учурда Кыргызстан жана Иранга иш сапарлары менен келүүгө чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан