Украинадан Европага келген мигранттардын саны 10 миллионго жетти. Бул тууралуу Евробиримдиктин ички рынок боюнча комиссары Тьерри Бретон франциялык радиолордун бирине берген маегинде айтты.
Маалым болгондой, көпчүлүк мигранттар 2022-жылдын февраль айында, тагыраагы Украинага чабуул башталганда келишкен. Бретондун айтымында, украиналык качкындарды негизинен Польша, Венгрия жана Чехия активдүү кабыл алат.
"Бул баарыбызга тиешелүү маселе, ал бизге Европанын түштүгүндө да, чыгышында да таасир этет. Алсак, Чехияда Украинадан келген мигранттардын саны 440 миң адамды түзөт, бул өлкөнүн калкынын 4 пайызына барабар",- деп билдирген Еврокомиссар.
Эске салсак, бүгүн, 19-сентябрда Украинадагы согуштун башталганына 573 күн болду. Украинага чабуул былтыр 24-февралда башталган.