
Кечээ, 18-сентябрда сауд арабиялык "Аль-Хиляль" командасы менен Өзбекстандын "Навбахор" командасы Азия Чемпиондор Лигасынын биринчи турунда оюн талаасына чыгышты.
Эр-Рияддын Фахд Падыша атындагы стадиондо болгон оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Оюндун алгачкы голун "Навбахордун" оюнчусу Тома Табатадзе 52-мүнөттө киргизди.
Ал эми "Аль-Хиляль" командасынын курамында атактуу футболчулардан Неймар, Малком жана Александр Митрович оюн көрсөтүштү. Сауд арабиялык клуб 100-мүнөткө чейин гол жарата алган жок. Андан соң Али Аль-Булайхи эсеп санын теңдей алды.
Эми командалардын жооптуу оюну 28-ноябрда Өзбекстанда болмокчу.
Эске салсак, бүгүн, Е тайпасындагы "Аль-Наср" клубу менен ирандык "Персеполис" клубу оюн талаасына чыгат.