Азербайжан күтүүсүздөн Карабахта атайын операцияны баштады

Бүгүн, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “антитеррордук чаралар” башталганын жарыялады.

"Ири провокацияларды басуу”, “куралсыздандыруу жана армян куралдуу күчтөрүн биздин аймактардан чыгаруу”, аскердик инфраструктураны “нейтралдаштыруу” жана Азербайжандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында антитеррордук иш-чаралар башталды", - деп билдирди Азербайжандын Коргоо министрлиги.

Өз кезегинде Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги “Аймакта тынчтыкка жетүүнүн жалгыз жолу армян аскерлерин Тоолуу Карабахтан толук чыгарып кетүү жана Степанакерттеги режимди жоюу” деп билдирди.

Учурда аталган аймакта абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан