Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан