"Байлар байып, жакырлар дагы жакырлана берет". Жапаров БУУнун трибунасынан сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров алгач Тринидад жана Тобагонун жогорку өкүлү Дэннис Фрэнсисти Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады. Андан соң Кыргызстандын эл аралык демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын өткөн 77-сессиясынын төрагасы Чаба Кёрёшиге ыраазычылыгын билдирди.

"Урматтуу айымдар жана мырзалар, бүгүнкү күндө бүткүл аалам бурулуш учурунда турат. Биз, баарыбыз дүйнөлүк тартиптин терс өзгөрүшүнө күбө болуп, ири державалардын жана алардын блокторунун ортосундагы геостратегиялык атаандаштыктын күчөшүн ачык-айкын сезип турабыз.

Геосаясий чыңалуу дүйнөнү регионалдык жана субрегионалдык, финансылык жана экономикалык блокторго жана тутумдарга бөлүп-жарууга алып баратат.

Ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрү экономикалык, технологиялык жана геосаясий тандоолорду жасоого аргасыз болору айдан ачык болуп турат. Дүйнөлүк масштабдагы соккулардын арасынан али жок болуп кете элек, миллиондогон адамдардын өмүрүн алган жана 12 триллион доллардан ашкан экономикалык жоготууларга себеп болгон коронавирус инфекциясынын жайылышын белгилегим келет.

Инфляциянын эң жогорку деңгээли байкалып, азык-түлүктүн баасы дүйнө жүзү акыркы 60 жылдан бери көрө элек көрсөткүчкө чыкты.

Геоэкономикалык фрагментация тобокелдиктери, эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 7 пайызга төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

Өлкөлөрдүн жана өлкөлөрдүн топторунун ортосундагы ишенимдин төмөндөшү кооптондурат", - деди Жапаров.

Андан соң мамлекет башчы климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугунун коркунучу жана өсүп жаткан теңсиздик сыяктуу глобалдык чакырыктар жана тобокелдиктер эл аралык коомчулуктун мүчөлөрүн бириктире турганына ишенерин билдирди.

Ошондой эле Жапаров Кыргызстан Уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген жалгыз универсалдуу түзүм катары Бириккен Улуттар Уюмун чечкиндүү колдой турганын баса белгилеп, 2024-жылы Келечек саммитинин жүрүшүндө Келечек пактын иштеп чыгуу боюнча биргеликте жигердүү иштөөгө Кыргызстан даяр экенин кошумчалады.

"Биз, Борбордук Азиянын тектеш элдеринин өкүлдөрү, миң жылдык тарыхыбыз жана маданиятыбыз менен сыймыктанабыз. Биздин каада-салттарыбыз менен үрп-адаттарыбыз окшош. Менталитет, психология жана дүйнөгө болгон көз караштарыбыз жагынан дагы бизди көп нерсе бириктирип турат.

Акыркы жылдары Борбордук Азияда регионалдык өз ара аракеттенүү бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилейм. Мен биздин аймакты экономикалык кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү түзүлгөн бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары көрөм.

Кыргызстан аймактык кооперацияны күчөтүүгө өз салымын кошууга, кызматташтыктын жаңы натыйжалуу форматтарын табууга жана ошол эле учурда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда ар кандай дүйнөлүк таасир борборлору менен активдүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенет",- деп сүйлөдү өлкө башчы.

Президент мамлекеттик чек араларды юридикалык тариздөө маселелерин чечүү зарыл экенин белгиледи.

"Туура бир жыл мурда ушул трибунадан чыгып сүйлөп жатып, өткөн жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу болгон кайгылуу окуялар тууралуу жүрөгүм сыздап, кабарлагам. Тынчтыкты сүйгөн элибиздин сабырдуулугунун жана эки өлкөнүн саясий эркинин аркасында биз чыр-чатактын андан ары ырбап кетишине жол бербей, аймактагы кандуу согушту токтото алдык.

Ушуга байланыштуу Кыргызстан талаш маселелерди аймактык бүтүндүк, күч колдонбоо же күчтү колдонуу менен коркутпоо сыяктуу эл аралык укуктун принциптеринин жана ченемдеринин негизинде тынчтык жолу менен гана чечүүнү жактап келгенин баса белгилегим келет.

Биз эч качан бөтөн жерди басып алууга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз.

Биз ар дайым диалог курууга жана региондо ишеним менен өз ара урматтоого негизделген өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө умтулабыз.

Былтыр декабрь айында, дээрлик 30 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөө боюнча Келишимге кол койдук. Эки мамлекеттин башчыларынын саясий эркинин аркасында жетишилген бул тарыхый чечим эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыгына жана тынчтыкта жанаша жашоосуна кеңири перспективаларды ачты.

Биз башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө дал ушундай мамилени карманабыз. Биз бардык кошуналарыбыз менен тынчтыкта, ынтымакта жана достукта жашагыбыз келет",- деп баса белгиледи Жапаров.

Жапаров сөзүн Борбордук Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук жөнүндө сөз кылуу үчүн Ооганстандагы кырдаалдын өңүтүндө кароо керек экенин айтып, Ооганстандагы кырдаалга токтолду.

Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарды ишке ашыруу боюнча БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлегенин айткан Жапаров ТӨМдү аткаруу боюнча 30 мыкты өлкөнүн катарына 2030-жылга чейин кирүүгө умтула турганын билдирди.

"2030-жыл жакындап калды жана биз өзүбүзгө суроо беришибиз керек: Адамдын суроо-талаптары жана тилектери чечилдиби? Анын коопсуздугу, бакубаттыгы, жыргалчылыгы камсыздалдыбы? Ал бактылуубу? Аны кандай келечек күтүп турат?

Өтө жакырчылык жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерди глобалдык жамааттык жооп табуу менен гана чечүүгө болот.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр өнүгүүгө инвестиция салуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо зарылчылыгы сыяктуу эки чакырыкка бир учурда дуушар болууусу – учурдагы реалдуулук. Ушуга байланыштуу, өнүгүүнү каржылоо боюнча Аддис-Абеба программасын ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырабыз. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жоготуулардын жана зыяндын ордун толтуруу, тышкы карыздардын жүгүн жеңилдетүү жана карыздарды жөнгө салуунун эл аралык архитектурасын өркүндөтүү үчүн Фондду тез арада ишке киргизүү зарыл.

Мурунку саммиттерде жана климаттын өзгөрүшү боюнча конференцияларда амбициялуу билдирүүлөр жана убадалар берилген.

Париж Келишиминин алкагында 2015-жылы жарыяланган жыл сайынкы каржылоо деңгээли бүгүнкү күндө жетишсиз. Климаттык өзгөрүүлөргө аярлуу өлкөлөрдүн реалдуу муктаждыктарына жооп берген каржылоо деңгээлин олуттуу көбөйтүү жагына кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз.

Дагы бир көйгөй – бул климаттык каржылоонун олуттуу бөлүгү кирешеси төмөн жана орто болгон өлкөлөргө насыя түрүндө берилет. 1 миллион же бир миллиард долларлык долбоорлорго насыя берүү жол-жоболорунда эч кандай айырмачылык жок.

Бул климаттык келишимдердин маңызын жана максаттарын жокко чыгарат.

Мен биздин өнөктөштөргө тышкы карызыбызды экологиялык долбоорлорго алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылгам.

Бирок, тилекке каршы, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөн жооп ала алган жокпуз. Бир гана Германия өкмөтү көңүл бөлүп, 15 млн евро карызын жойду.

Донорлорду муктаж болгон өлкөлөргө климаттык каржылоону гранттык негизде берүү маселесин карап чыгууга чакырабыз.

Эгерде биз муну азыр баштабасак, анда дүйнөдө адилетсиздик күчөй берет. Байлар байыгандан байып, жакырлар андан да жакырлана берет.

Глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактар өзгөчө аярлуу болуп калды. Биздин өлкөдө тоолор аймактын 94% ээлейт.

Борбордук Азиядагы климаттык өзгөрүүлөр мөңгүлөрдүн эришине алып келди. Эгерде мурда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 2050-жылга чейин жарымына кыскарып, 2100-жылга чейин алар таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн деп болжолдонсо, эми бул процесс мындан дагы тез болот деп айтканга негиз пайда болууда.

Мындай жагдай бүткүл региондо көйгөйлөрдүн күчөшүнө алып келүүдө: ичүү жана айыл чарбасы үчүн суу жетишпей, кыртыш деградацияланып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралууда.

Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүүнү жактайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын андан ары ишке ашыруу максатында "Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыкка кол койдум, ошондой эле "2023-2027-жылдар мезгилине тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын" ишке ашыруу боюнча улуттук "Жол картасы" иштелип чыкты, ал жакын арада кабыл алынат.

"Тоо беш жылдыгынын" жыйынтыктоочу этабы катары биз Кыргызстанда 2027-жылы, биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин "Бишкек+25" Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүүнү пландаштырып жатабыз.

Ушул бийик трибунада туруп, бардыгыңыздарды жигердүү катышууга, тоо экосистемаларын сактоо үчүн конкреттүү салым кошууга чакырам.

Биз 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигибизди көрсөттүк жана урматтуу мүчө мамлекеттерден колдоо күтөбүз.

Мамлекеттер ортосундагы мамилелерде ишеним, тилектештик жана универсалдуулук сыяктуу принциптерди баарыбыз сакташыбыз керек. Ушундай гана жол менен биз глобалдык жана аймактык коопсуздук пайдубалын өз калыбына келтире алабыз",- деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан